2005-жылдын 24-мартында болгон окуяга арналган Бишкектеги сквер сентябрда ачылат

2005-жылдын 24-мартында болгон окуяга арналган Бишкектеги Ахунбаев менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверди көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-августта кабарлады.

"Бишкек башкы архитектура" ишканасынын эскиздик долбоору боюнча скверде фонтандар, отургучтар орнотулуп, шаар тургундары үчүн дарактар жана гүлдөр отургузулат. Сквердин аймагы 0,9 гектарды түзөт. Мурун бул жерде көчөттөр базары орун алган болчу", - деп айтылат маалыматта. Көрктөндүрүүнүн алкагында мамлекеттик ишканалар скверге 486 метр куб топурак төгүп, 2860 чарчы метрин тегиздешкен. Ошондой эле 2 миң чарчы метрине сугаруу системи, 8 канализация кудугу орнотулганы маалым болду. 1300 чарчы метр жерге таш төшөлгө төшөлүп, тротуарлар салынып, 9 жарык берүүчү фонарь орнотулду. 45 бадал, 24 062 бир жылдык гүлдөр отургузулганын кошумчалашты мэриядан.

Буга чейин айтылгандай, сквер КРнын Президентинин фондунан каржыланып жатат. Шаар тургундары жана коноктор бул жерде сентябрь айынан тарта эс ала башташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2016-08-16 14:46:32
molodester,biwkek uwintip akyryndan onugo bersin
+1
barsa30
2016-08-16 15:55:42
чуркпп.велик тебе турган жолдору болсо дагы жакшы болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан