Калифорния университетинин окумуштуулары атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыгында 70 жылдан соң глобалдык аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу Жер жүзү боюнча сегиз гана шаарда Олимпиада өткөрүүгө мүмкүн болорун айтышканын "The Lancet" журналы жарыялады.
Окумуштуулардын айтымында, ал шаарлар: Бишкек, Санкт-Петербург, Красноярск, Рига, Улан-Батор, Сан-Франциско, Калгари жана Ванкувер. Калган шаарлар атлетчилер үчүн да, күйөрмандар үчүн да өтө ысык болорун Берклидеги Калифорния университетинин климатологдору аныкташкан. 600 миң тургуну бар гана шаарлар каралып, деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктиктен жогору турган шаарлар эсепке алынган эмес. Мындан улам 2084-жылкы Жайкы Олимпиада оюндары Бишкек шаарында өтүшү мүмкүн.