Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” маданий комплекси суу каптоодон улам убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына аталган комплекстин директору Анара Бапиева билдирди.
“Сел комплекстин бир капталын каптады. Мындан улам маданий комплекс убактылуу жабылды. Учурда комплекске келтирилген чыгымдар такталып жатат”, - деди Бапиева.
Буга чейин SUPER.KG порталына окурман кайрылып, Чолпон-Ата шаарында катуу жамгыр жаап, “Рух-Ордо” маданий комплексин суу каптаганын билдирген.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев “алдын ала маалыматка караганда, 70тен ашуун турак үйдүн короосун сел каптады” деп билдирген эле.