13-августка караган түнү Бишкектин 4-кичи районунан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаа уурдалганын (мамлекеттик номуру I 2242 AA) окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирген. Анын айтымында, унаа үйдүн алдына токтотулган.
Издөө иштери 4 суткага созулуп, жыйынтыгында активисттердин жардамы менен табылды. Бул тууралуу окурман кабарлады. "Патрулдук милицияга арыз берилген. Унаа 4-кичи райондон эле, алыс эмес жерден табылды. Эшигин ачып, ичинен документтерди жана башка айрым буюмдарды уурдап кетишиптир", - дейт окурман.