Монголия президентинин, премьеринин жана депутаттарынын маянасы 30 пайызга кыскарат

Монголия мамлекеттик кызматкерлердин маяналарынын эсебинен экономикалык оорчулуктан чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 16-августта чет элдик маалымат булактары жазышты.

Монголиянын өкмөт башчысы Жаргалтулгын Эрдэнэбат: “Каатчылык учурунда биз баарына сарамжал болобуз”, - деди. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматтагылардын маянасы 20 пайызга кыскартуу пландалып жатканын белгиледи. Ал эми Монголиянын президентинин, премьер-министринин жана депутаттарынын маянасы 30 пайызга кыскарат.

Маалыматка ылайык, өлкө парламенти тийиштүү документтерди колдогондон кийин мындай чаралар ишке кирерин Монголиянын Каржы министрлигинин өкүлү тастыктаган. Ошентип, маяналарды кыскартуу аркылуу Монголия быйыл 3 миллиард, кийинки жылы 8 миллиард тугрик үнөмдөгөнү жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bekmyrza58
2016-08-16 17:04:08
Ушундай адамдар болсо бизде дагы бирок.....
+2
Frunze74
2016-08-16 17:23:04
Биздин бийликтеги чиновниктердин бир айлык маянасы, алардын бир кундук тушку же кечки тамагына аран жетет. Б.а. алар маяна учун эмес "левый" учун иштешет. Мисалы бир депутат бийликке 2000000$ коротуп келсе, 5 жылдык маянасы 30000$ болсо, эмнеге 30мин учун 2миллион коротот же акмакпы деген суроо туулат. Демек депутаттар (министр ж.б.дай эле) бийликте турганда башка "левый" жолдор менен 2млн$ын 3-5 эселейт, анткени бийликтегилердин 90-99% бизнесмендер, пайда чыкпаса баспаган...
+7
Frunze74
2016-08-16 17:30:21
Албетте далилдоо кыйын, бирок жонокой арифметика: шайлоо убагында партиялар шайлоо учун канча акча коротушкан (жен ичинен добуш сатып алууларды кошкондо шайлоого короткон чыгымдарын 2-3 эсеге кобойткондо гана чындыкка жакынырак болушу мумкун) жана 120 депутаттын 5 жылдык маянасы канча болот, салыштырып коргуло... Бийликтегилердин маянасын 100%ке (биротоло) кыскарткан менен да (же кобойтсо да) коррупция чечилбейт. ГАИшниктердин айлыгы которулду, паракорлук азайбады дегендей эле..
+2
Adilet_adi
2016-08-16 19:35:50
Туура айттынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан