Бишкек шаардык мэриясы "Дыйкан" базарына атайын рейд жүргүзүп, базар башчысына эскертүү берди. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жашоочулардан түшкөн арыздын негизинде мэрия атайын рейд жүргүздү. Рейддин жүрүшүндө базардын администрациясы санитардык нормалар үчүн тийиштүү аракет көрбөгөндүгү аныкталды. Мындан сырткары өрткө каршы жана экологиялык тазалык иштери иретке келтирилген эмес. Базардын кире бериш жеринде унаа тыгындары пайда болуп, сатуучуларга жана айдоочуларга ыңгайсыздык жаралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Дыйкан" базары 2008-жылдан бери иштеп келет. Аталган базар шаардын 1 жарым гектарга жакын жерин ээлейт. Базарда 600дөн ашуун соода түйүндөрү бар. Базар "Лагуна Групп" жоопкерчилиги чектелген коомуна 2033-жылга чейин ижарага берилген.