Орусиянын Новосибирск облусунда эмгек патенти менен иштеген мигранттардын 16 тармакта иштөөсүнө тыюу салынды. Тийиштүү токтомго аталган облустун губернатору Владимир Городецкий 15-августта кол койгонун орусиялык басылмалар жарыялашты.
Токтомго ылайык, мигранттар такси кызматында, маршруттук таксиде, мектепте, бала бакчада, балдар үчүн тамак чыгаруучу ишканаларда, каржы, бухгалтердик эсеп, ишкерликте кеңешчи, катчылык, аңчылык, жапайы жаныбарларды көбөйтүү тармактарында иштей алышпайт. Үч айдын аралыгында жогоруда көрсөтүлгөн багытта иштегендер жумуштан бошотулушу керек.