3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу жана жабылуу аземине билеттер 300 сомдон 3800 сомго чейинки баада сатылат. Билеттер кечээ, 16-августта сатыкка чыкты. Бул тууралуу оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, билеттерди Бишкек жана Ош шаарларындагы кассалардан жана интернет аркылуу "World Nomad Games" тиркемеси аркылуу сатып алууга болот. Билет баасы орундарга жараша өзгөрөт. Ачылыш аземине кирүүнү каалагандар билеттерди 300 сомдон 3800 сомго чейинки баада сатып алышат. Ал эми жабылуу аземине кирүүнү каалагандар үчүн билет баасы 300 сомдон 2000 сомго чейинки баада сатылат. Спорттук жана маданий иш-чараларга күбө болууда билет сатып алуунун кажети жок экенин белгилейт катчылык.