Америкалык актёр, уруш өнөрлөрүнүн чебери Стивен Сигал II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн Кыргыз жерине келмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта оюндардын катчылыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, актёр атайын президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келет.
Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө орун алат.