Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2016-жылдын I жарым жылдыгындагы элдин өкмөткө болгон ишениминин рейтингин жарыялады.
Маалыматка таянсак, жарым жыл ичинде мамлекеттик түзүмдөргө элдин ишеним индекси болгону 19,5 пайызды түзгөн. Анын ичинен министрликтерден Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 43,4 пайыз ишеним көрсөтүлсө, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине болгон ишеним индекси 40,3 пайызды түзгөн. Эң эле төмөн 12,2 пайыз ишеним индексине Ички иштер министрлиги жана 4,1 пайызга Саламаттыкты сактоо министрлиги ээ болушкан.
Ишеним индексинин өлчөмү сурамжылоого катышкандардын оң жана терс жоопторунун салмактарынын айырмасына барабар.