Ысык-Ата районундагы Кант орто мектеп-гимназиясын жаңы окуу жылына даярдоо үчүн окуучулар тартылышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына мектептин директору Махабат Молдошова билдирди.
"Мектепти оңдоп-түзөө үчүн Кант шаардык мэриясы каражаттан жардам кылып жатат. Жаңы окуу жылына даярдык 10 күн аралыгында бүтүш керек эле, бирок жумуштун көлөмү көп болуп жатат. Бүгүнкү күндө мектептин айланасын тазалоо үчүн окуучулар жана мугалимдер чакыртылды. Алар короодогу таштандыларды жана куураган чөптөрдү тазалап жатышат", - деп билдирди Молдошова.
Маалым болгондой, №4-Кант мектеп-гимназиясы быйылкы жаңы окуу жылына 180 окуучу кабыл алат. Бүгүнкү күндө мектептеги оңдоп-түзөө иштери 40 пайыз гана бүткөрүлгөн. Учурда актоо, сырдоо жана эшиктерди алмаштыруу иштери жүрүүдө.
Белгилүү болгондой, аталган мектепте 1200 окуучу билим алат.