Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ысык-Көл облусунда өтчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат. Бердымухамедов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келе турганын президенттик аппараттан 17-августта билдиришти. Анын алкагында эки өлкө жетекчиси жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкуулашмакчы.