Чүй жана Талас облустарына 54 миңден ашуун “акылдуу” эсептегичтер орнотулат

Чүй жана Талас облустарына 54 миңден ашуун “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу пландалып жатканын “Түндүк электр” ишканасынан 17-августта кабарлашты. Жалпы 5 миң бирдик Талас облусуна орнотулса, 49 миңден ашуун бирдиги Чүй облусуна каралган. Аларды орнотуу иштери калкты күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн кийинки жумада башталмакчы.

16-августта Чүй облусундагы райондук электр тармактарынын электр куроочулары электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө, эсептегичтерди орнотуу боюнча окуудан өтүшкөн. Мындай окуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Талас филиалынын кызматкерлери үчүн жакында Талас облусунда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан