Орусиянын Новосибирск облусунун губернатору Владимир Городецкийдин 15-августта кол койгон токтомуна ылайык, аталган облуста эмгек патенти менен иштеген мигранттардын 16 тармакта иштөөсүнө тыюу салынган. КРнын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан 17-августта кабарлашкандай, бул чектөөнүн Казакстан, Армения, Беларусь жана Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешеси жок.
Токтомго ылайык, мигранттар такси кызматында, маршруттук таксиде, мектепте, бала бакчада, балдар үчүн тамак чыгаруучу ишканаларда, каржы, бухгалтердик эсеп, ишкерликте кеңешчи, катчылык, аңчылык, жапайы жаныбарларды көбөйтүү тармактарында иштей алышпайт. Үч айдын аралыгында жогоруда көрсөтүлгөн багытта иштегендер жумуштан бошотулушу керек. Бул чечим Орусиядагы кризиске байланыштуу Орусия жарандарын жумуш менен камсыз кылуу максатында кабыл алынган.