"Сулайман-Тоо" комплексинин аймагындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы коргоо аймагына кирип кеткен мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциядан билдиришти.

"Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан комплекстин аймагы дыкат көзөмөлгө алынып, мыйзамсыз курулган чарба курулуштары жана тосмолор буздурулуп, ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле музей-комплекстин аймагына кирип кеткен жер тилкелеринин ээлерине бошотуп коюуга мыйзам чегинде эскертүүлөр берилди. Берилген эскертүүлөрдү аткарбаган 1 объектинин ээсинин үстүнөн Ош шаардык ИИБге, ал эми эки объект боюнча Ош шаардык сотуна материалдар даярдалып берилди. Калган тосмолорду ээлери өз ыктыяры менен бузуп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
MES
2016-08-18 09:08:03
Жалаң эле өзбектер кирип кетишкен Сулайман тоо арт жагында
+4
surgeon777
2016-08-18 09:09:31
Махаллялар бузулуп,акялар банкрот болуп аткан экен да.
Негизи эле озунун жеринен ашык жерди кошуп алыш туура эмес,мисалы Алматинская кочосу менен ГЭС-2га карай баса албайсын,тротуарды кошуп алышкан,башка дагы канча жерлер кошулуп кетип атат,ошондой жерлерди атайын кызматтар элге кайрылып:арыз жазбай эле мындай суротко тартып жиберсенер озубуз жазалап коёбуз десе го чиркин,элдин баары с удовольствием ордуна келтирип коёт эле анча-мынча ач коз адамдарды.
+4
surgeon777
2016-08-18 09:10:43
Дагы жакшы Элдик кабарыбыз бар,кээбир маселелерди жеткирип алып атабыз.
+3
realmadrid32
2016-08-18 09:22:54
Жакшы жон койсо жакында айланта уй куруп кереметуу тоого чатыр тигишет
0
realmadrid32
2016-08-18 09:25:07
Анан биздикилер бузганда тез курганда жок
0
killerbee
2016-08-18 09:27:42
Молодцы ошолорго штраф да салыш керек
+2
Seryi-Kardinal
2016-08-18 09:35:32
Jeenbekov jalwy iwtep atat
0
KGstan1981
2016-08-18 19:56:50
Эми Кыргызстаныбыздын границасын дагын карап койсонор канчалаган жерибизди Озбекстан м-н Таджикистан мыйзамсыз басып алышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан