Кыргыз төкмө акындарынын арасында чыккан түшүнбөстүктү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги териштирет. Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн, 18-августта ушундай билдирүү таратып, эл аралык айтыштарды 2001-жылдан бери "Айтыш" фонду уюштуруп, тийиштүү министрлик каржылык колдоо көрсөтүп келерин белгиледи. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаковго акындар арасындагы конфликтти териштирүү тапшырмасын бергени айтылды.
Белгилей кетсек, 15-августта Бишкек шаарында Х Эл аралык айтыштын тандоо туру өткөн. Жыйынтыгында акындар Жеңишбек Жумакадыр, Баян Акматов, Идирис Айтбаев аз упай алып калышып, тандоо турунан өтпөй калышкан. Айтыш бүткөндөн кийин сахнага чыккан төкмө Аалы Туткучев калыстар калыс баалабай койгонун ачык айтып, буга байланыштуу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө өтүүчү Х Эл аралык айтышка катышпай турганын жарыялаган.