Азирет Кенжалиев Эл аралык "International Olympiad in Informatics" олимпиадасында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта билдирди.
"12-19-августта Татарстандын Казань шаарында информатика боюнча олимпиада болуп өттү. Ага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 314 окуучу катышты. Кыргыз Республикасынан Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейинен барган Азирет Кенжалиев эки турдун жыйынтыгы менен коло медалга татыды", - деп айтылат маалыматта.
Информатика предмети боюнча эл аралык олимпиада (International Olympiad in Informatics) 1989-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Ар бир катышуучу өлкөдөн 4төн окуучу жана 2ден жетектөөчү мугалим катыша алат. Бул олимпиаданы өткөрүүнүн максаты түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында информатика предмети боюнча билим деңгээлин сыноо жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо болуп саналат.