Кыргыз тарап казак провайдерлеринин үстүнөн Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылмай болду

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети ата мекендик интернет-провайдерлер менен тарифтер тууралуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин статс-катчысы Абдисамат Сагымбаев, Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Чыңгыз Бекташев ата мекендик
интернет-провайдерлер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу өлкөдөгү интернет-провайдерлер үчүн тарифтин жогорулашы менен жаралган абалды жөнгө салуу максатында өттү.

"Буга чейин комитеттен "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому жана КРнын Операторлор ассоциациясы казак интернет-провайдерлеринин Кыргыз өлкөсү үчүн интернет каналдарынын баасын жогорулатышы тууралуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз интернет-провайдерлеринин көпчүлүгүнө 1-августта казак өнөктөштөрүнөн интернет тарифинин 1,6дан 3 эсеге чейин жогорулашы тууралуу билдирүүлөр келгени маалым болду.

"Кыргыз Республикасы менен Казакстан Евразиялык экономикалык кеңешинин жана дагы башка аймактык интеграциялык бирикмелердин мүчөлөрү болгондуктан, комитет расмий түрдө Казакстандын мамлекеттик органдарына учурдагы абал тууралуу түшүндүрмө берүү жана бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылуу жасады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Евразиялык экономикалык комиссиянын тиешелүү органдарына бул абалдын ченемдерге ылайыктыгын аныктоо өтүнүчү менен кайрылуу чечими чыгарылды", - деп кошумчалашкан басма сөз кызматы.

Астана шаарында 2014-жылы 29-майда кол коюлган Евразиялык экономикалык кеңештин келишимине ылайык, кеңешке мүчө өлкөлөр электр байланыштарын жана интернет тармагын бирдей колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Мындан тышкары өлкөлөр бири-бирине интернет кызматтарын чектөөсүз берүүнү камсыз кылуу үчүн керектүү иш-аракеттерди аткарууга да милдеттүү.

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз өлкөсүндө интернетти колдонгондордун саны 4 миллион 754 601ге жеткен. Интернет менен калктын 79 пайызы камсыздалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Artyr1994
2016-08-18 10:54:27
Ошто бир Кыргыз телеком сатат ал да кымбат 2500сом толойбуз скорость начар. 1 айда 4 5 кун интернет очуп кала берет. Эмне болду деп чалсак эле Бишкектен Жалал-Абаттан озулду деп эле очуруп кое берет.
+2
basyz-kaman
2016-08-18 11:03:56
Казак туугандар акыркы жылдары бизди тоготпогондой мамиле кылып жатышат.
+1
Frunze74
2016-08-18 11:51:52
Казактар бааны которсо оздоруно которот да, бизге кандай тиешеси бар? Экинчиден биз интернетти казактардан алган кундо да (эгер алсак) антимонополия агенттиги баанын осуусуно жол бербоосу керек. Менин жеке оюмда, Кыргызстандык интернет провайдерлер Казахстандагы абалды шылтоо кылып бааны которуунун аракетинде.

Ал эми Кыргызстандын 4,75млн тургуну интернет колдонот деген чындыктан алыс, калктын 79%тинде интернетке кируу мумкунчулугу болушу мумкун, бирок алардын баары интернет колдоно
0
Frunze74
2016-08-18 11:59:51
79%тинин баары эле интернет колдоно бербейт. 4,75 млн деп интернет кызматынан пайдаланган сим-карта санын эсептешкенби не, андай болсо 2-3 жылдан кийин интернет колдонуучулардын саны Кыргызстандын калкынын санынан да ашып кетсе тан калбашыбыз керек экен да... Жалпы интернет колдонуучулар 40-55% болушу мумкун. 10-12 жашка чейинки наристе-оспурумдор, кары-картандар интернет колдонбойт. 40-60 жаш арасында да интернет колдонгондор сейрек. Ал эми интернеттин сапаты эч кимди канааттандырбайт.
0
Riokyrgyz
2016-08-18 21:29:20
Frunze74,шылтоолоп которсо анда ЕАЭБ ке кайрылуу жасабайт эле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан