Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-августта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Жолугушууда президентке министрлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргеликте Чолпон-Ата шаарында болгон селдин кесепеттерин жоюу иштери тууралуу маалымат берилди.

Кубатбек Боронов шаардын сел каптаган аймактарында арыктардын жоктугунан улам турак үйлөрдү жана көчөлөрдү суу каптап кеткенин айтты. Министрдин айтымында, жаан-чачындын көп болгондугуна жана республикада гидрологиялык абалдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу куткаруучулар зарыл болгон чараларды көрүп жатышат.

Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу үчүн бардык чараларды көрүүнү жана калк жашаган аймактарды жана инфраструктуралык объектилерди суу каптоого жол бербөө үчүн гидрологиялык кырдаалды мониторингдөөнү улантууну тапшырды.

Андан тышкары мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары өзгөчө кырдаалдар кооптуулугу бар аймактарда жашаган калктын арасында түшүндүрүү иштерин активдештирип, алар менен бирге жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл экендигин баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан