16-августта түшкө жакын Чолпон-Ата шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 50дөй үйдү суу каптаган. Сел учурунда 25 жаштагы шаар тургуну Кубан Төлөмүшов үйлөрдүн биринин ичинде калган эки кызды жана сууга агып бараткан 10 жаштагы баланы куткарганын SUPER.KG'ге айтып берди.
"Сел бир канча үйдү каптап жатканын угуп, эл менен кошо чуркап бардым. Бир кезде сайдын жээгиндеги үйлөрдүн биринин ичинде эки кыз бар экенин айтып, жардам керек дешти. Ошол жерден эле дароо катуу агып жаткан суудан эптеп өтүп үйгө кирсем, үйдүн ичине суу толуп, эки кичинекей кыз керебетке чыгып алып турушкан экен. Аларды терезеге чыгарып, үйдүн электр каражаттарынын баарын өчүрүп салдым. Андан кийин күрөктөр менен бир байке экөөбүз суунун нугун бурдук. Ошол учурда дагы бир 10 жаштагы бала сууга агып баратып көпүрөнүн түркүгүн кармап калганын көрдүк. Жанымдагы байке баланы куткарам деп өзү да агып кетти. Аны чыгарып, андан соң баланы да куткарып калдым", - деди шаар тургуну Кубан Төлөмүшов.