Аскердик авиация күнүнө карата тик учактар кичинекей балдар менен асманга көтөрүлүштү

Бүгүн, 18-августта 23565-аскер бөлүгүнүн базасында Аскердик авиация күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Дал ушул күнү 57 жыл мурун СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын көрсөтмөсүнө ылайык, Токмоктогу окутуу-авиациялык полкунун негизинде аталган авиабөлүм түзүлгөн.

Аскердик авиация күнүнө карата салтанаттуу иш-чаранын өзөгүн тик учактардын учуусу түзүп, авиацияга кызыккан жаш балдарга тик учакка түшүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Ошондой эле техниканын түрлөрү көргөзүлүп, жаштарды мекенчил болууга үндөгөн окутуулар болуп өттү.

Аталган иш-чарада авиациянын ардагерлери кезигишип, бөбөктөргө өздөрү учуп жүргөндө асманда болгон окуялары жөнүндө кызыктуу маек курушту. Ардагерлерден тышкары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги, Абадан коргоо күчтөрүнүн башкармалыгы, Бишкек гарнизонунун аскер кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Орусиянын “Кант” авиабазасынын өкүлдөрү катышышты.

Аскердик авиация күнүнө карата тик учактар асманга көтөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaiMak
2016-08-18 20:07:13
базар жок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан