Салык кызматы жарандарды 1-сентябрга чейин транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөөгө чакырды

Транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 1-2-сентябрда аяктайт. Буга байланыштуу Салык кызматы жарандарды салыктардын эсептелген суммасын өз убагында жана толугу менен төлөөгө чакырат. Салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом айып салынат.

"Силерден салыктык милдеттенмеңерди эртерээк аткарууну суранабыз. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябрга чейин турак үй, батир жана жер тилкелерине карата салыктарды төлөө зарыл. Салыктар өз убагында төлөнбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Төлөмдөр кечиктирилген ар бир күн үчүн туумдар эсептелет", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан