Жалал-Абад шаарынын Тайгара айылындагы сел алган көпүрөнү оңдоого 1 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы Исхар Апиев билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Сел алган көпүрөнү оңдоп, каттамды калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 миллион 181 миң сом бөлүнүп, учурда көпүрөнү бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди Апиев.
Белгилүү болгондой, аталган көпүрө 2014-жылы айыл жаштары жана ишкерлери тарабынан уюштурулган фонддун эсебинен салынган. Ал Тайгара айылын экиге бөлүп турган Кызыл-Суу сайына курулган. Быйылкы жаздагы жаан-чачындуу мезгилде көпүрөнүн бетон плиталарын сел алып кеткен.