Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барып, балбан Айсулуу Тыныбекова окуучулук кезинде машыккан спортзалдын сүрөттөрүн интернетке жарыялады.
"Нарында жүрүп балбан кызыбыз Айсулуу окуучулук күндөрүндө машыккан спортзалга баш бактык. Мынакей! "Алтын медаль утасың" деп кайсы арыбызга талап кылабыз? Азыр да кеч эмес, өкмөтү да, ишкери да, жапа тырмак спортко көңүл бурбасак болбойт. Алгач шарт түзүп, анан үмүт кылсак. Ааламга жол айылдан башталат, аймактарга катуу көңүл бурушубуз керек", - деди Акаев.
Мындан тышкары депутат спортзал курууга көмөктөшкөн, спорт шаймандарын сатып берген ишкерлерди колдоо боюнча өкмөткө сунуш менен жакында кайрыларын баса белгиледи.
Айта кетсек, кечээ, 17-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармаштар өтүп, 58 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова мелдештин коло медалынан куру калган. Ал коло медаль үчүн кармашта Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп калган.