Дүйнөдөгү эң чоң учуучу аппарат Британияда абага көтөрүлдү

Тик учак, дирижабль жана учактын гибриди болгон дүйнө жүзү боюнча эң чоң учуучу аппарат 17-августта Улуу Британияда абага көтөрүлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

Эң чоң учуучу аппараттын узундугу 92 метрди түзсө, салмагы 20 тоннага жетет. Аны иштеп чыккандар узундугу боюнча дүйнөдөгү эң узун деп саналган Ан-224 "Мрия" учагынан 8 метрге узунураак дешүүдө. Кардингтон аэродромунан учуп чыккан аппарат Airlander 10 деп аталып, ал жерден 6 чакырым бийиктикте, саатына 148 чакырымды учуп өтөт. Airlander 10 аппаратынын ичине 48 адам батып, 10 тоннадан ашык жүктү алып жүрө алат жана суу үстүнө конууга да жөндөмдүү.

Алгач чалгындоо иретинде долбоорлонгон бул аппарат каражат тартыштыгынан улам токтоп турганда 2015-жылы британиялык "Hybrid Air Vehicles" фирмасы кайра жасоону баштаган. Аталган фирманын өкүлдөрү: "Airlander 10 аппараты көп максаттуу жасалды. Ал чалгындоо, аймактарга гуманитардык жардамдарды жеткирүү, адам ташуу сыяктуу көп функцияларды аткара берет. Airlander 10 газ абалындагы гелий менен жүрөт. Ошондой эле аны учкучу жок абада 2 жумадай убакыт бою жерден башкара алабыз. Аппаратты абада сыноо 14-августта ишке ашырылмак, бирок техникалык себептерге байланыштуу кийинкиге жылган", - дешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ikitaidesu
2016-08-18 17:34:58
Озу чон болгону менен 48 адам батканы кызыкко... Андай аппаратка кунубуз тушпой калсын. Аллахым боодо кырсыктан озун сактай кор!!!
+1
suban78
2016-08-18 17:41:09
Жук ташуучу аппарат да. Он тонна жукту ташуу, гелий менен которулсо, анча эле арзан тушот да. Он адам булар экипаж эле.
0
KaiMak
2016-08-18 20:09:41


базар жок
...
0
taalai9411
2016-08-18 20:37:57
10тон не аз эле азыркы кундо танка ташып жургон самолётор баргоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан