Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына 217 тонна көмүр ташып келүү үчүн тендер өткөрүлдү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына 217 тонна көмүр ташып келүү үчүн тендер өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Каныш-Кыя айыл аймагынын жооптуу катчысы Күңөтай Ибраева билдирди.

"Айыл аймактагы социалдык объектилерди көмүр менен камсыздоо максатында тендер өткөрүлдү. Тендерге 3 жоопкерчилиги чектелген компания катышты. Учурда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Көмүрдү сатып алууда анын 1 тоннасы 6300 сомго бааланды", - деп билдирди Ибраева.

Маалыматка ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагында 9 мектеп, 6 бала бакча, 4 китепкана, 3 Маданият үйү үчүн 217 тонна көмүр керектелет. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 369 миң сом каражат жумшалмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sagida06
2016-08-19 12:19:07
Тендерди акимдин тааныштары эле утат!
0
Tiguuchu
2016-08-19 13:22:16
Ообба дайым утуп жургондой эле))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан