II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдалып жаткан ат майдандын негизги курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Азиза Масимова билдирди.
"Бүгүнкү күндө ипподромдун курулушундагы бетондоо сыяктуу оор жумуштар толугу менен жыйынтыкталды. Учурда ипподромдун айланасына таш төшөлгө төшөө, дубалдарды актоо, темирлерди сырдоо иштери жүрүүдө. Бул жумуштардын баары 25-августта жыйынтыкталып, ачылуу аземи өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдалып жаткан ат майдандын курулуш иштерине мамлекеттин эсебинен 1 миллиард 234 миллион сом бөлүнгөн.
Белгилүү болгондой, анын аймагы жалпысынан 25 гектарды ээлейт. Ат оюндарын көрүү үчүн 10 миң адамга орундуктар даярдалган. Ал эми оюндарды туруп көргөн адамдар менен кошо ат майдан 12-13 миңге жакын адамды батыра алат.