Эл аралык спорт арбитраждык соту "допинг колдонгон" деген негизде кыргыз спортчусу Иззат Артыковду "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынан уткан коло медалынан ажыраткан. Кыргыз өкмөтү 3-орунда камсыз кылган спортчуларга 3,5 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилерин 2016-жылдын 1-февралында чыгарган токтомунда көрсөткөн. 19-августта Артыков медалынан ажыратылгандыгы үчүн өкмөт акча береби же жокпу деп өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү менен байланышканыбызда жооп берүүдөн баш тартышты.
Өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралындагы токтомунда төмөндөгүдөй сыйлыктар каралган:
1-орун (алтын медаль) - 7 000 000 (жети миллион) сом;
2-орун (күмүш медаль) - 5 000 000 (беш миллион) сом;
3-орун (коло медаль) - 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом;
4-орун - 2 000 000 (эки миллион) сом;
5-орун - 1 000 000 (бир миллион) сом;
6-орун - 900 000 (тогуз жүз миң) сом;
7-орун - 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
8-орун - 700 000 (жети жүз миң) сом.