Бүгүн, 19-августта “Кыргыз Республикасында балдар онкологиясында жана гематологиясында сөөк мээсин трансплантациялоо мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Аталган конференция И.Ахунбаев атындагы Мамлекеттик медициналык академиясында башталып, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында уланат.
Илимий-практикалык конференцияны биринчи айым Раиса Атамбаева ачып берип, иш-чара өзүнүн максатына жетип, жемиштүү болушун каалады. Андан соң Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев катышуучулар менен учурашып, бүгүн көтөрүлүп жаткан көйгөй абдан курч, ошол себептен ушул конференцияда ортого салынган ойлор абдан маанилүү экенин кошумчалады. Ал эми КММАнын ректору, Кыргыз онкологдор ассоциациясынын төрайымы Индира Кудайбергенова катышуучуларды тосуп алууга болгон аракеттер жасалганын белгилеп, жыйынтыктуу иш алып барууну каалады.
Конференция “Жардам берүү оңой” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, Орусия жана Казакстандын адистеринин катышуусу менен өтүүдө.