Твиттер социалдык тармагынын жетекчилиги 12 айдын ичинде экстремизмди жарнамалаганы үчүн жабылган аккаунттардын саны 360 миңге жеткенин маалымдады. Бул тууралу ВВС кызматы бүгүн, 19-августта жазып чыкты.
Аталган социалдык тармактын кызматкерлерин кыжалат кылган дагы бир маселе: экстремисттер үчүн Твиттер аркылуу маалыматты жайылтуу оңой жана бат, андан сырткары жаап салган аккаунттун ордуна башка дагы аккаунт ачып алса болот.
Маалыматка ылайык, Твиттерде дүйнөдөгү эң белгилүү экстремисттик топтордун аккаунттары бар.