Ош облусунан быйылкы ажылык сапарга 1514 жаран барат

Быйылкы 2016-жылдагы ажылык сапарга Ош облусунан 1514 жаран барат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунан барган зыяратчылар 49 жарандан турган тайпаларга бөлүнүп, аларга бирден ажы башчы дайындалып, жалпы 31 ажы башчы коштоп бармакчы.

"Сауд Арабиясы ажылык зыяратты аткарууга жылдагыдай эле 3685 орун бөлгөн. Ажылык сапарынын баасы 2600 долларга бааланган. Быйыл мурунку жылга караганда Ош облусунан ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын саны башка аймактардан басымдуулук кылып, жалпы республика боюнча ажылык сапарга аттангандардын 41 пайызын түздү. Ажылык сапарга Ош облусунун аймагынан баруучу зыяратчылар 20-августтан 29-августка чейин "Ош" Эл аралык аэропортунан узатылмакчы. Учуу атайын графиктин негизинде түнкү убакытка туура келет жана бир каттамда 5 тайпадан турган 250 зыяратчы бир учмакчы", - дейт Ош облусу боюнча ажылыкка жооптуу адис Ыйман Матраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан