Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабы Мекке шаарындагы Кыргыз жеринен барган зыяратчылардын саламаттыгын көзөмөлдөөчү медициналык пункттар менен таанышып чыкты. Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, зыяратчылардын саламаттыгын 8 дарыгер көзөмөлдөйт.
"Медициналык пункттар дарыгерлерге керектелүүчү шаймандар, биринчи жардамга керектелүүчү бардык дары-дармектер менен жабдылган. Кыргыз жеринен барган дарыгерлер мына ушул дарылоо пункттарында иш алып барышмакчы. Учурда КМДБнын ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан сатылып алынган дары-дармектердин баары жарандардын саламаттыгы үчүн колдонулуп, дарыгерлер алардын саламаттыгына кам көрүшмөкчү. Учурда Сауд Арабия Падышалыгынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен дарыларды сактоочу жай жана техникалык жардамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.