Айсулуу Тыныбековага Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү "Айылдын ардактуу атуулу" наамын берет

Балбан Айсулуу Тыныбековага Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү "Айылдын ардактуу атуулу" наамын берет. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта SUPER.KG порталына 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы Муктар Шербаев билдирди.

"Айсулуунун Бразилиядагы оюнун көрүп биздин айылдын жаштары таасирленишти. Айылдын аксакалдары жана жаштары менен кеңешип Айсулуу Тыныбекованы айылыбызга чакырып, айылдын спортзалында мастер-класс өтүп берүүгө чакырабыз. Бул биздин жаштарга дем, ал эми спортчу Тыныбековага шык берет деп ойлойм", - деп билдирди Шербаев.

Айсулуу Тыныбекова "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 17-август күнү 58 килограмм салмакта килемге чыгып, мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8) уткан. Чейрек финалда анын атаандашы Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Олли болуп, кызыбыз 14:7 эсебинде уткан. Жарым финалда анын атаандашы Орусиянын өкүлү Валерия Коблова болуп, беттеш 4:1 эсебинде атаандаштын жеңиши менен аяктаган. Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Serenada
2016-08-20 16:53:47
кай жактан болот айсулуу озу
+1
surgeon777
2016-08-20 20:29:09
Serenada,Кочкор районунун Тендик айылынан болот.
0
Serenada
2016-08-20 16:54:02
тееез жазып койгулачы
0
lexus47
2016-08-20 16:56:16
Serenada,Айсулуу Тыныбекова десен качан туалетке барганынан бери чыгат информация. Тееез ошол жактан жазып издеп кор!
+5
Serenada
2016-08-20 17:26:23
жок таппай атам
-1
adilet...97
2016-08-20 17:30:27
Айсулуу эже татыктуу күрөштү, Эркек балбандарды көрдүк го,
+2
adilet...97
2016-08-20 17:36:29
Ишенген эркек балбандарыбыз биринчиде эле утулушту, Айсулуу эже болсо экөөнү жеңди, мактоого татыктуу, чын эле күчтүү экенин көргөздү. Бул биз үчүн чооң, жениш...
0
ofcourse
2016-08-20 17:42:02
Aysuluu azyr abaly aytbasada tushunuktu korup atkan men jaman boldum aba jetbey jenilgenin korup...
+1
gul3ina
2016-08-20 17:45:31
Кочкор районунан болот
+1
Guli000
2016-08-20 17:49:53
Айсулуу Коло утбасанда Кыргызстандын ичинде сенин абройун автартетин, жогору жакта креслодо гилейип отурган чондордон жогору турат Кыргыз эли учун!
+9
ofcourse
2016-08-20 18:32:58
Aysuluu 2017 duyno chemiponu boloruna ishenem
+4
Sekainohana
2016-08-20 18:44:12
Aisuluu Riodo medal albasa dagy Azia chempionu, Japonianyn 4 jolku olimpiada chempionun Azia aralyk olimpiadada utkan, andan bashka jetishkendikteri da kop, i myndan ary da kele4egi ken jash sport4u. Dagy da bolso bizdin namysybyzdy korgop beret. Mynda utpasa kyiynki olimpiadada utat, Aisuluunun bizge ozy altyn. Biz ozybyz kotoryp koldobosok dushmandar bizge koldop berbeit. Oshonduktan bul en jakshy iniciativa, al buga tatyktuu.
+7
Ali-han
2016-08-20 20:23:28
Айаал Лазарев утулду 3-1 ге ХХХ ХХХ!!!!!!!!!
-1
admin_portal
2016-08-22 15:09:19
Ali-han, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
Ali-han
2016-08-20 21:12:13
Айттым беле силерге?
0
jany-aryk
2016-08-20 21:33:51
5.1ге утулдуго
0
sabyr86
2016-08-21 00:49:29
Туура Айсулуудай эч ким аракет кылган жок.
+2
admin_portal
2016-08-22 15:08:28
lexus47, Guli000, beka1207, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан