Бүгүн, 22-августта кыргыз шоу дүйнөсүндөгү ырчы айымдардын бири Айя Садырова 34-туулган күнүн майрамдап жатат. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгын билдирип, майрамдоонун ордуна иштеп жатканын айтты.
"Куттуктаганыңыздар үчүн чоң рахмат, абдан жагымдуу болду. Жакында эле Кипрде өткөн фестивалга барып, 12 күн жүрүп келдик. Ал жакта көптөн бери кыялданып жүргөн Кыргыз жери тууралуу патриоттук чыгарманы аткардым. Баары абдан кызыктуу өтүп, бир эле мезгилде жумуш, эс алуу, саякаттоо болду. Ал эми бүгүн майрамдык маанайым эң сонун, социалдык тармактардан да тынбай куттуктоолор келип жатат. Кипрден келе жатып шаарга жетерим менен телефонду өчүрүп эс алам деген элем, бирок дагы эле кызуу иштеп жатам", - деп билдирди ырчы.
Айя Садырова кечинде телеберүүгө тартыларын айтып, бирок дос-курбулары үчүн да убакыт таап туулган күнүн белгилей турганын, андан соң уулу менен тынч эс аларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, ырчы Бишкек шаарында туулган. Кичинекей кезинде Казакстандагы Жамбыл шаарындагы музыкалык мектепте скрипка, домбра, гитара сыяктуу музыкалык аспаптарды үйрөнгөн. Шоу-бизнес дүйнөсүндө 2000-жылы Ассоль Молдокматованын жардамы менен, "Малыш" аттуу ыр аркылуу көп ийгиликтерге жетишкен. Ал актриса катары "Байланыш" кыргыз тасмасында башкы ролду ойногон. Айя Садырова ырчылыктан тышкары китеп жазуу менен алектенет. 2006-жылы “Сүйүү жалыны” деген аталыштагы романы жарык көргөн.
22-августтун жылнаамасы.