Бишкек шаарынын кире беришиндеги "Аска-Таш" архитектуралык комплекси жаңыланды

Бишкек шаарынын кире беришиндеги борбордун дарбазасы болгон "Аска-Таш" архитектуралык комплекси жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-августта кабарлады.

"Комплексти жасалгалоодо жаңы саймалуу таш (петроглифтер) мотиви колдонулду. Бул мотив "Аска-Таштагы" тоолордун ансамблин толуктап турат. Петроглифтер полиэстрден жасалып, контурдук жарык берип турат. Күндөй болуп жасалган элемент тазаланып, алтын түскө боёлгон, түнкүсүн жарык берип туруу үчүн 24 даана линзасы менен прожекторлор орнотулган. "БИШКЕК" жазуусу жаңыдан жасалып, 1,5 метр бийиктикте орнотулган, кечкисин прожекторлор жана стробоскоптор менен жарыктандырылып турат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле фонтандар жана аларды жарыктандыруучу лампалар оңдолду. Жасалгалоо долбоорун башкы сүрөтчү Болот Усубалиевдин жетектөөсүндө "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын архитекторлору Сыймык Рыспек уулу, Ч.Сатаркулов, скульптор-монументалисттер Э.Осмоев,
У.Жанузаков ишке ашырышканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
imanchik
2016-08-23 16:34:36
Супер
+2
ruffo90
2016-08-23 16:36:33
Укмуш
+2
ERCHOROEV
2016-08-23 17:25:02
Бишкектеги боксо боксо уйлорду нары же бери кылыш керек. Кандай гана заман бап имарат курбайлы жанында боксойуп бир уй турса заманбап имараттын корку бир тыйын. Текебаев сунуштаган боксо уйлор жонундогу мыйзамын дагы бир жолу иштеп жаны ой пикирлер менен сунуштап чыкса жакшы болмок. Озунорго да маалым борбордо эски уйлор ото эле коп бироолорго жакпашы мумкун бирок бул чындык тукгандар.
+2
incognito1
2016-08-23 18:11:57
Ызычууго.
0
ZANIA-92
2016-08-23 21:44:32
Жолдошум экообуз жаны уйлонгон жылдары ушул жерге коп эле жолу келип эсалып олтуруп кетчу элек. Э ми мекенге кайтып барсак Аска ташка соссуз барып жаш кезди эстебесек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан