Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Чынара Адамкулова тарабынан мыйзамсыз иштер жасалып жатканын окуу жайдын окутуучуларынан турган демилгечи топ 23-августта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева менен болгон жолугушууда айтып берди.
Окутуучулардын айтымында, окуу жайдын Окумуштуулар кеңешин шайлоодо бир нече мыйзам бузуу болгону такталып, Жогорку Кеңештин тармактык комитети тарабынан түзүлгөн комиссия "шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын" деген чечим чыгарган. Бирок ошого карабастан Чынара Адамкулова 30-августка чейин Окумуштуулар кеңешин кайра шайлоосун өткөрүү тууралуу каттарды даректик түрдө жиберген.
Демилгечи топко алгач жолуккан билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин комитетинин чечими келе элек экенин айтып: “Эгер чын эле бизде кат бар болсо, ал катты табалы. Табылса, жетекчиликке айтабыз”, - деген жооп узатты. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин №016190-каты 18-августта келип түшкөнү аныкталды. Мына ошондо демилгечи топтун өкүлдөрү “Билим берүү министрлиги Адамкулованы коргоп жатат” деген күнөө коюшту.
Эльвира Сариева окутуучулар менен болгон жолугушууда аталган иш боюнча өкмөт башчыга кабар жеткени жана министрлик бул тууралуу керектүү ишти жасап жатканын айтты. Ошону менен бирге Адамкулова чакырылганын, ал келгенде маселе толугу менен караларын кошумчалады.
“Эльвира Кубанычбековна, биз катуу чыгындык, аягына чейин барабыз. Керек болсо Жогорку Кеңештин алдына барып түнөйбүз. 600 киши жөн киши эмес”, - деп айтты демилгечи топтун мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Абдыкадыр Садыков.
“Ректор чыгарган буйруктар одоно каталар менен чыгарылган, Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме келтирүү мүмкүн эмес эле. Бул маселе боюнча ректорду чакырттык, ал бул жакка келгенде маселенин чоо-жайын билебиз”, - деди министр.
Жыйынтыгында бул кырдаалдан чыгуу үчүн укуктук негиздеги жолдор каралары, ал эми Окумуштуулар кеңешинин шайлоосу токтотулары айтылды.