Ош шаарында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында коомдук унааларда кыргыздын элдик ыр-күүлөрү жаңырат

Ош шаарында 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата коомдук унааларда кыргыздын элдик ыр-күүлөрү жаңырат. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Майрам күнү шаардын борбордук аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган аскердик парад өткөрүлөт. Мындан сырткары өлкөнүн чейрек кылымда басып өткөн жолун чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланат. Ал эми борбордук аянтка селкинчектер орнотулуп, Алымбек датка, Каныкей, Ататүрк сейил бактарында майрамдык шаан-шөкөттөр өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, спорт сүйүүчүлөрү үчүн шаардык стадиондо ар түрдүү спорттук оюндар уюштурулмакчы. Ал эми Навои атындагы эс алуу багында шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер орун алат. Токтогул, Навои атындагы жана “Жаштар” сейил бактарында майрамдык соода-сатык уюштурулат.

Эгемендүүлүккө карата калаадагы 4 эс алуу багында интернет түйүнү орнотулуп, акысыз Wi-Fi кызматы иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ofiser26
2016-08-24 19:08:59
Жакшы жанылык экен. Колдойм. Ошко барып оло тангалгам олти йорым йети йорим деген ырларды угуп алып.
-10
Sharos3
2016-08-24 19:24:17
Ал ыр сен учун эмес
0
Sharos3
2016-08-24 19:22:15
6 айда Орусиянын "кара тизмесинен" 6700 кыргыз жараны чыгарылса, кайра эле 6500 жаран аталган тизмеге кирип калган
Талкуу ачык:
-2
shankol88
2016-08-24 21:17:54
Оо Ош шаарым менмн
+3
KGstan1981
2016-08-25 00:56:18
Карапайм кыргыз элим кайдагы эгемендуулук майрамы биздин жерибизди Озбекстан басып алып жаткан кезде кантип майрамды белгилейсинер.Оштун эли Мырзакматовтун келишин талап кылгыла болбосо бир кун келет Озбекстан Ошту дагын басып алышы мумкун Атамбаевке болсо баары бир.
+5
simone
2016-08-25 09:57:12
Мелис бул жакта турсун, эн жонокой маселелер чечилбей келет...
+1
Tahmina.Musaeva
2016-08-25 14:15:07
2015-жылкы сурот го. Жашыл кийгендердин арасында мен бармын))
Гулдой бер Ош шаарым!!!
0
Sara07
2016-08-25 19:02:10
Майрам ,жакшылыктарга эмне жетсин ?! Буюрса , жакындарыбыз менен барып эс алып келебиз. Онуго бер эгемендуу Кыргызстаааан ! )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан