ЖЫЛНААМА, 25-АВГУСТ: Жеймс Бонддун образы аркылуу атактуу болгон актёр Шон Коннери 86 жашка толду

Мындан 86 жыл мурун британиялык жана америкалык актёр Шон Коннери Шотландиянын Эдинбург шаарында туулган. "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, "BAFTA" сыйлыгынын эки жолку ээси, "Алтын глобус" сыйлыгынын үч жолку лауреаты Шон Коннери 70тен ашуун тасмада роль жараткан.

Шон Коннери Бондиананын алгачкы тасмасы болгон “Доктор Но” тасмасында Бонддун ролуна тандалып алынган. Бонддун ролу ага даңк, байлык эле эмес, чыгармачылык түйшүк да тартуулаган. “Эң мыкты Бонд ким?” деген сурамжылоо жүргүзүлгөндө ар жылы биринчиликтен Шон Коннери түшпөй келген.

Келишимдүү, ар дайым спорт менен машыгып, чың ден соолукта жүргөн актёр эч качан "ооруп жатам" деп даттанган эмес. Бирок 2000-жылдары Коннери тартуу аянтчасында көп жүргөндүктөн чарчаганын айтып баштаган. "Актёр рак менен ооруйт, Лондондогу онкологиялык ооруканада дарыланат" деген сөздөр айтыла баштаган. Жадакалса Япония, Түштүк Африканын бир нече басылмалары "Шон Коннери каза болду" деп жазып чыгышкан. Андыктан актёр түз эфир аркылуу көпчүлүккө кайрылып, тирүү экенин айтууга аргасыз болгон.

2009-жылы басылмалардын бирине берген маегинде актёр жүрөк оорусуна байланыштуу көйгөйлөрү бар экенин айткан. Бирок кандай оору экенин так айтпай, оору олуттуу экенин билдирген. 2013-жылы чет элдик басылмаларда акыркы ирет жарыяланган сүрөтүнөн актёрдун карылыкка баш ийгенин байкоого болот.

25-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MUSA.95
2016-08-25 12:26:19
Таланттуу актёр. Кинолору да мыкты тартылган.
Агент 007.
+1
Aman-moskva
2016-08-25 13:38:24
Азамат сыйлыктары коп экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан