Бишкек-Ош жолунда күйүп кеткен унаада каза болгон 4 жарандын экөөсү бир туугандар болушкан. Баарынын сөөгү бир үйдөн чыгарылып, жерге берилди

23-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 439-чакырымында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып бийиктен кулап түшүп, күйүп кеткен. Унаанын ичинде эки эркек киши жана бир аял күйүп кетип каза болсо, дагы бир аял ооруканага жеткирилген соң көз жумган. SUPER.KG'ге өзүн каза болгон жарандардын жакынымын деп тааныштырган Мадина аттуу жаран алардын өздүгүн тактап берди. Анын билдиришинче, эки эркек киши бир тууган, ал эми эки аял алардын келинчектери болушкан.

"Араван районундагы Араван айылынан болушат. Махмуджан жана анын келинчеги Махарамхон, Алижон жана анын келинчеги Соадатхан болуп Ысык-Көлдөн эс алып келе жатышкан. Айла жок эми, жол кырсыгынан каза болуп калышты. Кечээ баарын бир үйдөн чыгарып, жерге бердик. Бир үй-бүлөнүн артында 2, экинчисинин 3 баласы калды. Каза болгон адамдар 50 жана 55 жаш курактарында болушкан", - деди алардын жакыны Мадина айым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Sirduusezim
2016-08-25 16:07:06
Эми эмне демек элем эгер кыргыз болгондо жайлары жанатта болсун дейт элем
-12
sezim_osmonalieva111
2016-08-25 16:18:01
Sirduusezim,дуйнодон кайтыш болгон адамдар жонундо кантип ушундай дедин?Жаткан жерлери жайлуу болсун...Жакындарына конул айтабыз.
+21
leilekstan_1987
2016-08-25 16:21:21
sezim_osmonalieva111,2010-жыл эсинден чыктыбы?
-7
sonka89.
2016-08-25 16:59:33
Sirduusezim,Дура, ошолордун балдарын ордуна озуну коюп кор, тантырабай. Мумкун Алланын алдында алардын даражасы сеникинен жогорудур.
+13
muhsina
2016-08-26 01:43:30
Sirduusezim, катуу тийсе кечиресиз, кек сактоо эн жаман адат. Ошол сиз айткан 2010-жылы дал ошол араванскийде болуп оз козум менен корсом деле анчалык кек сактай албадым. Алар да биз да бироолорго курал болуп бергенибиз эле калды.
Откондордун жайы жаннаттан болсун. Жакындарына сабр берсин....
0
89elnura89
2016-08-26 11:33:44
Sirduusezim,Адам олуп атпай ит олсоделе ичин ачышатко кандай улутчул адамсын.Сен ото пас адам экенсин
0
zzari-83
2016-08-25 17:13:31
Тооба дегилечи,өлүмдү дагы табаалап болову.Мындай күндү душманга дагы калоо туура эмес деп ойлойм.Жайлары жанаттан болсун.Балдарына боорум ооруп кетти элестетип(((
+10
tnt_ostrof
2016-08-25 18:23:38
sirduusezim жакшы эле мааниде жазсан керек. Бирок бир окуган адамга тост айткандай сезилип калыптыр. Бир аз башкачараак жазсан болмок. Жакындары окуп калса конулу ооруйт. Пендебиз да. Жакындарына конул айтабыз. Эртели кечпи баарыбыз барабыз. Жакшы иштерде кылып, кечирээк эле бергендерден кылсын. Тагдыр экен. Сабыр кылыныздар!
+2
Sirduusezim
2016-08-25 21:18:23
tnt_ostrof, туура айтасын бирок жакында уктум озбектер афтаномиялык область кылабыз дешкенин ошондон бери жаман болтам
0
BarsBaatyr
2016-08-25 18:51:49
Жайлары жаннаттан болсун!!!
+3
Sirduusezim
2016-08-25 21:40:55
Сени тушуном бирок менин жогототургандарым калбады. Арт жакты Алладан башка эчким билбет, бирок мен алардын атына эч нерсе дебедим
+1
blood
2016-08-26 11:06:56
Алла таалам куноолору болсо кечире кор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан