Эртең Биринчи Май райондук сотунда “Элдик парламенттин” мүчөлөрүнүн соту башталат

26-августта “Элдик парламенттин” мүчөлөрүнүн соту башталат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта айыпталуучулардын туугандары билдиришти.

Эртең саат 10:00дө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Элдик парламенттин” мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматовдун ишин карайт. Алар “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” жана “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн” деп айыпталышууда.

Айта кетсек, май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан