"Элдик парламенттин" лидерлерине кылмыш иши ачылды

Оппозициялык "Элдик парламент" биримдигинин лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаевге жана уюмдун башка өкүлдөрүнө карата кылмыш иши ачылды. УКМКнын билдиришинче, булар "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери менен айыпталышууда. Аталган жарандар жана биримдиктин башка мүчөлөрүнө "өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган акция уюштурууну, андан ары мыйзамсыз аракеттер менен бийликти басып алууну пландашкан" деген күнөө тагылып жатат.

"Элдик парламенттин" өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурушат. Аларды кечээ кечинде кармап кетишкен. Тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан