Бүгүн, 28-августта Бишкекте Москвадагы өрттөн каза тапкан Кыргыз Республикасынын жарандары эскерилет. Иш-чараны демилгелеген социалдык тармактардын колдонуучуларынын айтымдарында, акцияга шаар тургундары жана бир катар активисттер катышат. Аза күтүү Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында саат 12:00дө башталат.
Айта кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны экени такталды.