Москвадагы өрт: Каза тапкан жарандардын туугандарына жардам берүү үчүн атайын штаб түзүлдү

Москвадагы өрттөн каза тапкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакындарына жана туугандарына жардам берүүчү атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Штабды вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жетектейт. Бүгүн жумушчу топ Москва шаарына учуп кетет. Алардын арасында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү жана каза тапкандардын жакындары, туугандары бар.

Өрттөн каза тапкандарды мекенине алып келүү, жерге берүү иш-чаралары боюнча чыгымдар өкмөт тарабынан чечилет.

Айта кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жарандары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ayida
2016-08-28 11:10:56
Укканда эле жонош керек элего булар.Эмне себептен куйгонун аныкташ керек эле булар дагы тактап.
-3
marrss
2016-08-28 11:21:29
Ayida,өзүбүздүн мамлекеттеги көйгөйлөрдү чече албай жатышат, Маскөөдөгү өрттүн келип чыгышын тим эле кой
+6
Komrad
2016-08-28 11:28:55
Ушундай ле болсоңор чиновниктер. Пиар кылбай азыраак мактанып ишти кобуроок кылгыла!
+2
leilekstan_1987
2016-08-28 11:41:42
Эми ушу маркумдарга болунгон акчаны.да жегенге аракет кылбай кекиртегинерди тыйып, керек болсо оз чонтогунордон кошуп жардамынарды аябай бергиле Аллахтын раазычылыгы учун
+3
Sirduusezim
2016-08-28 12:03:19
Айланайындар, тегерейиндер, эми боорукерго жардам берееер
0
rejepova
2016-08-28 12:49:48
откондо Обаманын чайын ичип, Чубак ажыны коркуткан кыйын бар эмес беле, креслонун астына жашынбай чык, кыйын кундо жашынбай!
+7
bom.bon
2016-08-28 13:28:59
rejepova,алардын душмандары чек араны сыртында эмес ичинде окшойт.Чек ара дегенде уну да угулбайт.Чубак ажы дегенде он кун бакылдайт тынбайт.
+5
nalukg
2016-08-28 16:28:10
Менимче чыгымдарын Россиянын президенти уялганынан толоп эле бериш к.к кечирим суроо м.н бирге
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан