Мелис Мырзакматов: "Силерди коргой албаган, күлгүн жаш курагыңарда бөтөн эл, бөлөк жерде ажалга алдыртып ийген кыргыз жигиттерин кечиргиле..."

27-августта Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрттөн каза болгон кыргыз кыз-келиндеринин жакындарына Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу көңүл айтты.

"Тилсиз жоонун кесепетинен каза тапкан мекендештерибиздин артында калган, бапестеп багып, гүлзарынан айрылган ата-энелерине, бир туугандарына, үй-бүлөлөрүнө жана жалпы эле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко, ыймандары саламат болсун! Калган өмүрлөрүн жакындарына берсин. Кайрат кылыңыздар. Күлгүн курак… Өмүр-өлүм эмне экенин аңдап биле элек, өмүрдүн жазын тосуп жаткан кызгалдактар. Эмне айтарымды билбей турам. Жан дүйнөм бырчаланып, жанымды коёрго жер таппай турам.

Силер эртең көкүрөгүндө өрт, көздөрүндө от жанып турган азаматтардын жары болот элеңер… Силер биздин эртеңибиз, улуттун учугун улай турган уулдарды, саамай чачын сеңселткен кыздарды төрөгөн эне болот элеңер…

Кечиргиле… "Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" дегендей, силерди коргой албаган, күлгүн жаш курагыңарда бөтөн эл, бөлөк жерде ажалга алдыртып ийген кыргыз жигиттерин кечиргиле. Өз элин, өз жерин өзгөлөрдөн коргой албаган арсыз бийликтин алсыздыгын кечиргиле. Кечиргиле… Кечиргиле… Кечиргиле… Жайыңар жаннатта болсун!" - деп айтылат көңүл айтуусунда.

Айта кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (86)
Aidowi
2016-08-28 15:53:18
Силер кечирим сурашты эле билесинер!!!
-15
frunze777
2016-08-31 08:40:19
Aidowi, Атамбаев кечирим сураганды да билбейт. Менимче 14 кыздын бироосунун тажиясына болсо да барып куран окуп, жакындарына конул айтууга жарабады. Президент имиш дагы...
0
Aselina_kg
2016-08-28 16:00:48
Моюнга алып,куноосун сезе билгендиги да жакшы.Куноо алсыз эркектерибизде!!!!
+1
Mers124
2016-08-28 16:00:57
Пейлибизди оңдойлу кыргыздар. Жакшылык жамандыктын баары пейлибизден
+5
miron
2016-08-28 17:38:44
Ассалоому алейкум мекендештер эмнеге баарыбыз бийлик жаман жаман дейбиз. Ар бир адам биринчи озунон баштасынчы. Мен эмне кылып жатам жана эмне кылдым. Ар бирибизде бар эмес беле, мектепте жакшы окуп анан жогорку окуу жайда жакшы окуп илим билим алууга. Ошол маалда баарыбыз сабактан качып агай эжейлер менен урушуп убакытты откозгонбуз. Татыктуу билим алып жакшы тарбия алып ошол министрлике депутаттыка бизде шанс жок беле. Акча акча деп баарыбыз журобуз таалалап эми мынаминтип.
-6
Nurkyz1977
2016-08-28 19:24:50
miron,эн туура соз, биринчи оз уй булоосун тын баккан эркек чыныгы эркек. Оздорунун жалкоолугун бироолорго арта салыштын эмне кереги,ушул эле оз жеринен баар таап аялын да кыздарын да эже карындаш уулдарын зынгыратып баккан эр азаматтар коп тобосу менен жер касса деле оз тиргилигин тындап алыш керек,озунун айыбын онгого бийлике шылташтын кажети жок туугандар.
-6
Frunze74
2016-08-28 19:33:02
Nurkyz1977, сен айткан тын, "чыныгы" эркектер Акуйго чогулуп алып жаман катынчасынан ушакташып отурушат. Ошолор кызарган жерди жулуп, уурдап, алдап, бироолордун ичи койнуна кирип жаоманлап мамиле кылып, пара берип пара алып отуруп "тын" болуп Акуйго жеткендер... Коруп жатабыз ошол сен айткан "чыныгы" эркектерин озбектерге жооп бере албай катынчасынан бекинип отурганын...
+7
Frunze74
2016-08-28 19:38:46
miron, Туркия, Европанын эн мыкты университеттерин бутуруп келгендерге жумуш табылбай, университетти кочо таптап тунку клубдардан башы чыкпай журуп бутургон бай-манап балдары депутат-министр болуп жатат го... Азыр он дипломун болсо да акча менен таанышын болбосо бир тыйын окуганын... Кичине реальный жашоого коз чаптыра журсон утопияда жашабай...
+8
Bema50000
2016-08-28 21:41:55
Frunze74,сага окшогон бузукуларды ит аткычтарга аттырып салыш керек эл жерди булгатпай
-11
Revolyutsiya
2016-08-28 22:33:44
Bema50000, Атамбаев, Текебаевге кошуп акуй-коуйдогулордун баарын, анан сендей бийликтин Арзыматтарынан Кыргызстанды тазаламайынча Кыргызстан онукпойт... Атана наалат бийликтин кошоматчылары...
+11
miron
2016-08-28 17:44:42
Эгер мекелчил болсон мекен десен анда иште 5000 айлыкка мугалим болуп тарбия бер калган муундарга. Эч кимибиз чыдабайбыз анан эле ким жаман башка бироо жаман. Андай эмес сабыр керек момун бир туугандарым. Айтуу оной, азыркы заманда 4 адамды бириктирип бир жолго салуу бул кыйын. Эмнеге баары билимсиз тарбиясыз ан сезими башка жакта...
-6
Frunze74
2016-08-28 19:34:48
miron, 5000 айлык менен курсагы тойбой балдарын кийинте албай эле куру тошун чапкылашсынбы патриотпуз деп...
+7
ziko_kt
2016-08-29 15:08:37
miron,
Кызык, мына мисалы мен англис тилинен мугалиммин. Университетте иштеп 3 мин сом алып, жетпеген учун, пара ала албагандыгым учун Росиияга кеткем. Эмне, аз айлыкка бала тарбиялайын деп опк-журокту каккылап аракет кылсам бироо менин казаныма аш салып бермекпи. Эмнеге менин балдарым ачка отурушу керек ,мен самсаалап квартиралап кочушум керек оз элме керекмин деп. Мына ,ачуу чындык. Мен озумду сатылып кеттим деп мисалы эсептебейм, бирок орус берип атат татыктуу ишти, татыктуу айлыгы мене
+2
Almazbek.kg.osh
2016-08-28 18:06:49
Бакиевти бийледи деп жүрдү эле. Эми өзү ыр жазып клип тартып калбадыбы
+13
elchi84
2016-08-28 18:27:53
Мелис мырза сенден башка эч Ким калбады окшойт
+10
Sagidko88
2016-08-28 19:06:25
Мелис-чыныгы мырза!
+8
elmurat.kg
2016-08-28 20:01:11
жакшылыктын жамандыктын баары алладан кудайым кечир куноолору болсо жайлары жаннатта болсунчу...
0
OSHO
2016-08-28 21:02:27
Бет деген жок экенда бирөөнун кайгы-муңан саясат жасап, упай топтоп. Жактагандар мындан кем калбайт.
Түңүлүп кетесинда....
-9
aizbek
2016-08-28 21:03:36
окуп корсом копчулук акылдуу,ушул акылдуу болгондор колунардан эмне иш келет,Мелиске чейинкилер эмне иш кылган,азыркылар эмне иш кылып жатат,бир аз ойлонуп анан жазыш керек,молодец колунан келишинче жакшы иштерди жасады,жон эле тойгончо жеп кетсе ордолуу Ошубуз азыркыдан 10 жыл аркада калмак,
+9
Baktyluu_bolgum_kelet
2016-08-29 01:15:25
Олуп эле калбайсынарбы, ушундай чон жоготуу азап болуп жатканда дагы эле коро албастыгынарды койбодунар!!!!
+1
Aidowi
2016-08-29 03:39:26
Кечирим сураганы туура бирок бийликти неге аралаштырат?
-3
Qwer007
2016-08-29 21:09:46
Чындык, баардык куноо кыргыздын жигиттеринде, эгерде ошо ата сымал болуп жургон эркек уй булосуно тын болгондо ошол 16-18 чыккан кызын таалага жибермек эмес. Эгерде ошол куйоо сымаал болгон эркек жакшы болгондо бала чакасын таштап же ажырашып айласыздан эже карындаштар ботон жерге кетмек эмес. Прездентибиз болсун, жон гана карапайым эркек болсун, ушунун баарына биз кыргыздын эркектери куноолубуз, бизди кечириниздер, бирок баары Алладан, себепчи биз эркектер болуп калдык, кечириниздер бизди
+1
admin_portal
2016-08-30 12:43:58
Aldyiar, gutler, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан