Текебаев Москвадагы трагедияга байланыштуу республика боюнча аза күтүү күнүн жарыялоону сунуштады

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Москвадагы өрттөн каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн партиянын катчылыгы билдирди. Текебаев республика боюнча аза күтүүнү жарыялоону сунуштады.

"Трагедия болду, ал биздин көз алдыбызда болуп өттү. Түз эфирден биздин ыйлаган, жардам сураган кыздарыбызды көрүп, алар менен кошо кейип, өрттөнгөн имараттын ичинде калган кыздарыбыздын аман-эсен куткарылышын Кудайдан тилеп турдук. Тилекке каршы, куткаруучулар үлгүрбөдү. Биздин кайгыбыз алыстан болсо да көрүп туруп, жардам бере албагандыгыбыздан, аргасыздыгыбыздан ого бетер күчөп турат. Жаш кыздардын өмүрү үзүлдү, ар биринин өзүнүн ой-тилеги жана максаты бар эле. Алар "үй-бүлөлүү болсом" деп, үй-бүлөсү барлар "балдарынын жана ата-энелеринин сүйүнүчүн көрсөк" деп тилек кылышкан. Балдары кантип биринчи жолу мектепке барганын, чоңойгонун жана үйлөнгөнүн көргүсү келишкен. Ата-энелери жана алыста калган туугандары менен жолугуп, аларды кубандыргысы келишкен. Бул кадимки эле адамдын тилеги, ар бирибизге түшүнүктүү тилек. Ошондуктан бүтүндөй Кыргыз Республикасынын жарандары бул трагедияны өзүнүкүндөй кабыл алды. Бул трагедия биздин үй-бүлөбүздө болгондой, кызыбыз же карындашыбыз менен эле болгондой болду.

Бул трагедия дагы бир жолу үй-бүлө тиричилигинен баштап, улуттук экономиканын жүгүн биздин кыз-келиндер көтөргөнүн көргөздү. Биздин мигрант кыздарыбыз, карындаштарыбыз бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, иштеп тапкан акчасын өзүнө коротпой жыйнап, төкпөй-чачпай Кыргыз мамлекетине жөнөтүп, өзүнүн үй-бүлөсүн гана эмес бүтүндөй өлкөбүздүн экономикасын колдоп келе жатышат.

Кыздарыбыздын өлүмү - бул улуттук масштабдагы трагедия. Ошон үчүн биз өкмөткө республика боюнча аза күтүүнү жарыялап, кыздарыбыздын элесин эскерип, акыркы сапарга татыктуу узатып коюуну сунуш кылабыз. Бул трагедиядан өкмөт жыйынтык чыгарсын.

Каза болгон кыздардын ата-энесине, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли кабыргасы кайышып, сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүп турат", - деп айтылат көңүл айтуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Aikoni1106
2016-08-28 13:55:14
Терен кайгыруу менен конул айтабыз.Кабыргабыз кайышып турат)))
+4
shamshiev.80
2016-08-28 13:56:52
Бул киши баарын коруп турат коомчулуктагы жеке жашоону ,тушунот ,ушул киши президент болсо бир аз кыргыз элинин башы которулмок деп ойлойм,тушунбогондор бул жонундо тескери суйлошот
-13
barakcha
2016-08-28 14:08:50
shamshiev.80,кошулам созунузго!
-8
omka100514
2016-08-28 13:56:56
жакыныңы жоготуу, ата-эне үчүн айдай баласынын өлүмүнөн өткөн азап барбы бул дүйнөдө, эне катары бул азапты мен да башыман өткөргөм, кыздарыбыздын ата-энесинин азабын,кайгысын көрбөсөм да жон-терим менен сезип турам :,,,(((. Аллахым баарыбызга сабыр берсин
+1
anar8672
2016-08-28 13:57:27
Эн туура соз Тирикчилик издеп талаага кетпей уй булоодо жетишкендик болуп турса уй окаатын кылып бала тороп тарбия берип жашаган аял киши учун чоон бакыт эле .Бул окуя коомубуздагы баардык турмуш туйшугун которгон аял экенин далилдеп койду
+5
anar8672
2016-08-28 13:58:44
Аябай боорум ооруп турат.Жайлары жанната болсун
+3
shamshiev.80
2016-08-28 14:09:32
Айла жок сабыр! !,
0
Urmat_83
2016-08-28 14:12:51
Ушу киши айтты беле Россияга барып иштеп келип жер ал деп
+4
Sirduusezim
2016-08-28 14:13:21
Хоп ака сиздики туура меники чын. Алаксыдыык. Эми жанагы чайлашкандар эмне кылышты Ункур-Тоону жарыялап койосдарбы супер
+3
Narynbek
2016-08-28 14:26:29
Мигранттардын абалы азыркы учурда эң оор абалда.Багы жокко дагы жок деп минтип өрттөнүп өлүп олтурат.Жашаган жериңде каттоого турбагансың деп канчасын депорт басып камам,айдап жатышат.Ушул маселени да караштырышабы?Ушул суроого да жооп бергилечи?
+7
Frunze74
2016-08-28 23:08:25
Narynbek, бийликтин кучу да, духу да жетпейт. ЕАЭСке кирип деле "катталган дареги жашаган дарегине дал келбейт" деп канчалаган мигранттарыбыз депорт болуп келуудо. Мындайда элчилик менен бийликтин, Атамбаевдин козу корбой, кулагы укпай калат. Башкаларды куттуктап же конул айтууда алдына киши салдырбайт...
+2
take220281
2016-08-28 14:35:58
Өкүнүчтүүсү көп чоңдор эми бул трагедияны пиар катары колдонушат. калп сүйлөп, калп ыйлап.
+10
incognito1
2016-08-28 18:05:09
take220281, ооба кошулам. Некоторые пытаются на их горе заработать политические очки.
+5
Ajimanbetova.Kanikey
2016-08-28 21:17:47
take220281,тупа туура соз кошулам.
0
daniar781121
2016-08-28 15:45:01
Омурбек байке кийинки шайлоого катышпа сураныч.кылган кызматынды баалайм рахмат кызгызга куйгонуно.бирок Бабанов келиш керек ошол инсанга жардам бер.
0
Aselina_kg
2016-08-28 16:06:20
Колундан келсе элине жакшы жашоо тузуп бер! Каза болгондордун тилегин сиз айтпасанызда баарына белгилуу! !!!
+4
Ajimanbetova.Kanikey
2016-08-28 21:16:49
Aselina_kg, сонун жооп азаматсын кошулам.
0
dobrajelatel
2016-08-28 16:50:42
Аза кутуу кунун киргизуу керек колдойм Текебаквди
-1
JENTELMEN
2016-08-28 17:20:24
Бул кыздардын олумуно туздон туз сен себепкерсин.Сен Атамбаев Отунбаева ушулар куноолуу.Бейиштей болгон жерибизди тозоко айландырдынар.Элдин акысын жеп байыгандвс, силерди элдин кусуру урсун
0
Ajimanbetova.Kanikey
2016-08-28 21:16:14
JENTELMEN, кыйраттын
-2
joma.z
2016-08-28 18:30:39
билбейм алдыдагы жашообузду,кичине болсо да,аракет кылышбайт биздин окмот баары устуртон,биз мекендештер канча жыл,канча кун чыдап иштеп
келебиз,биз оз жаныбызды эмес,мамлекетти да,экономикабызды которуп келебиз,окмот,президент баш,болуп конул жылытаарлык иш кылып,аягына чыгышбайт,алар жашап коргон эмес,ошол учун тушунуксуз аларга,тушунбойт дагы,не кылабыз айла жок,козунон
жаш агат,бир туугандарына,жакын адамдарына терен,кайгууру м/н конул айтам,жаткан жери
жайлуу,болсун,,,,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан