Бүгүн, 28-августта Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында Москвадагы өрттөн каза тапкан Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага КРнын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, Жанар Акаев жана бир катар коомдук ишмерлер, активисттер, шаар тургундары катышышты. Алар бир саамга аза күтүшүп, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына гүл коюшту.
Чогулгандардын улуусу катары журналист Бейшенбек Бекешов көзүнө жаш ала: “Эмне айтарымды билбей турам. Кырчындай жапжаш курак. Арты кайрылуу болсун”, - деди.
Акцияга катышуу үчүн келген Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев да көзүнө жаш алып, буларга токтолду: “Түз эфирден кыздардын күйүп жатканын көрүп отурдук. Бул окуя коомдо кыздарыбыз оор жүктү көтөрүп жүргөнүн көргөздү. Каза болгондордун көбү жаш кыздар. Эми гана сүйүү күтүп, тоодой тилектери бар эле. Тилекке каршы, алардын бири да орундалган жок. Бул кырсык катардагы окуя эмес, мындан сабак алыш керек”.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев: “Бул окуя өкмөткө коңгуроо болуш керек. Керек болсо миграция кызматынын бир орун басары ошол жакта иштесин. Окуянын өлүм менен коштолуп жатканы аябай өкүнүчтүү. Башты жерге салып жүргөндөн башка аргабыз жок”, - деп кошумчалады.