27-августта Москва шаарында болгон өрт көпчүлүктү бушайманга салды. Айрым орусиялык интернет колдонуучулары ошол учурдагы өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетине нааразы болушууда. Алардын бири Наталья аттуу интернет колдонуучу өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:
“Кыргыздар жердештерин куткарып калуу үчүн болгон күч-аракетин жумшашты. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүүнүн ордуна ары-бери басып жүрүштү. Анын кесепетинен 17 адам өлдү. Собянин баштаган бийлик өкүлдөрүнүн шашкалактап калышканын түшүнүп турам. Бирок көптөр мигранттарды “унчукпас кулдар”, “бактысыз адамдар”, "каалагандай колдонуп, тыйын төлөп иштетсе болот" дешет.
Эртеби-кечпи, ал адамдардын ичиндеги ызасы, сабыры түгөнөт. Кыргыздар Борбор Азиядагы каардуу, кайраттуу эл. Эгерде бизде “кулдар көтөрүлүшү” болсо, анда ал кыргыздардан башталат”.
Айта кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары.