ЖЫЛНААМА: Ырчы Темир Назаров 30 жашын белгилөөдө

Кыргыз эстрадасындагы жаңы толкунду баштоочулардын бири, “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган Темир Назаров бүгүн, 28-августта өзүнүн 30 жашын белгилеп жатат. Туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, бүгүнкү туулган күнүн үйүндө туугандарынын, жакындарынын жана сахналаш досторунун курчоосунда тосорун билдирди.

"Туулган күнүмдүн алгачкы мүнөттөрүн жашоо-тиричиликке байланыштуу Жалал-Абадда тойдо сахналаш достор менен тостум. Бул көнүмүш адат. Алгачкылардан болуп келинчегим куттуктады. Азыр Ошто үйүмдө конок тосууга даярданып жатабыз. Туугандарым, жакындарым жана досторум келишет", - дейт ырчы.

Бүгүнкү күндүн эң жагымдуу учуру тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

"Бүгүн көп эле жагымдуу учурлар болуп жатат. Мен, орустар айтмакчы, жөнөкөй нерселерге кубанып жашайм. Мага көп нерсенин, мени таң калтырыштын, шоунун кереги жок. Себеби мен таңдын атканына, күндүн батканына сүйүнүп жашайм".

28-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek2070
2016-08-28 16:10:37
Ушундай шандуу майрам деген нерселерди токтотуп эле тургулачы!!! Кече кайрылгам музыка майрамды токтотолу 27.28.29. Августь кундору деп.
+10
557
2016-08-28 16:51:31
Туулган кунун менен Темка. КРЫШАН
-5
Nendi15
2016-08-28 17:24:45
Ээ туугандар аза күтүү болуп жатат Кыргызстандын аймагында жыйыштыргыла Тоок шорпонорду.
+3
Boroev525
2016-08-28 19:32:35
Эх жашоо ке биролор жыргап туулган кун тосуп атат ке биролор сыздап атат ушундай экенда Жашоо
+1
sgushenka
2016-08-29 00:42:00
Кызыксынар эмне деп эле коммент калтыргансынар...!!! Эми алардын жаткан жери жайлуу болсун деп бутун Кыргызстандын журогу ооруп турат. Жеке майрамдын эмне тиешеси бар. Темир омурун узун болсун, ден-соолугун ТЕМИРДЕЙ бекем болсун. Ырда сенин ордун сахнада. Ийгилик каалайм. Чыгармачылыгынды, унунду ото баалайм. Админ кантип Темир менен байланышсам болот, сураныч данныйын берип коюнуздарчы озунон уруксат сурап.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан