Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлдөрү кыргыз ажыларына тамак-аш даярдоочу "Санабел Аль Салам" ашканасынын абалы менен жеринде таанышышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн комиссия ашкананын санитардык абалы, тамактарды даярдоо ыкмалары жана өз убагында мейманканаларга жеткирилүүсү, азык-түлүктөрдүн кечиктирилбей келиши боюнча кабар алышты.
"Кыргыз өлкөсүнөн келген ашпозчу Зияуддин Махмудовдун айтымында, учурда ашканада ажылар үчүн даярдалып жаткан тамак-аштарга кетүүчү азык-түлүктөр өз учурунда алынып даярдалат. Ажылардын табитине жараша тамактар даярдалып, кечиктирилбей берилет", - деп айтылат маалыматта.
Убактылуу республикалык штабдын тамак-аш боюнча жооптуу кызматкери Алимбай Эргешовдун айтымында, ашканадагы шарттар санитардык нормаларга жооп берет жана Сауд Арабиянын жергиликтүү санэпидемстанциясынын өкүлдөрү ар күнү өздөрүнүн стандарттуу көзөмөлдөрүнөн өткөрүп турушат.