Бүгүн, 28-августта Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган кыргыз мекендештердин жолугушуусу өтүп, анын алкагында мекендештерибиз 27-августта Москва шаарындагы өрт кырсыгынан каза тапкан Кыргыз мамлекетинин жарандары үчүн аза күтүштү.
Малайзиядагы мекендештерибиздин башын бириктирген бул жолугушууну Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы экс-элчиси Кылычбек Султанов сөз сүйлөп ачты. Ошондой эле Москвадагы кырсыктан каза тапкан маркумдардын жакындарына жана үй-бүлөсүнө жардам иретинде каражат чогултууну демилгелеп, экс-элчи 10 000 сом өлчөмүндөгү каражат кошту. "Колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылып, бир аз каражат топтосокпу деп ойлодук. Албетте, оор жоготууга учураган мекендештерибиздин туугандарынын ордун эч нерсе менен толуктап бере албайбыз. Каза тапкан жарандардын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди Кылычбек Султанов.
Малайзияда жашап-иштеген жана билим алып жаткан мекендештер дагы кырсыктын курмандыктарынын жакындары үчүн көңүл айтышарын билдиришти. Ошондой эле жолугушуунун алкагында каражат топтоо үчүн коюлган урнага акча чогултушту.